ИШИМОВ
ИШИМОВ Бексултан Бекмолдоевич (10. 8. 1947- жылы туулган, азыркы Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району, Чарвак айылы) – милициянын генерал-лейтенанты (1997); юридика илимдеринин доктору (2002), профессор (2001). Европа

укук академиясынын мүчөсү (Будапешт, 1999), Россия коргонуу, коопсуздук ж-а укук тартиби маселелери боюнча академиясынын академиги (2002), Казакстан Республикасынын ИИМ академиясынын профессору (2002). КМДТИни (1969), СССР ИИМдин Караганды жогорку мектебин (1980), КПСС БКнын Коомдук ИАсынын аспирантурасын (1986), АКШнын Остин шаарындагы университеттин (1996), Аскер-аба күчтөрүнүн борборунун атайын курсун (1998, Флорида штаты) бүтүргөн. 1971–72-жылдарда Кыргыз ССР ИИМдин эмгек-түзөтүү колониясында отряд начальниги, 1972–78-жылдарда инспектору, парткомунун секретары, 1978–88-жылдарда Кыргызстан КП БКда административдик органдар бөлүмүнүн инспектору, 1980– 83-жылдарда Кыргызстан КП Талас обкомунун административдик органдар бөлүмүнүн башчысы, 1988–89-жылдарда Кыргыз ССР ИИМде министрдин орун басары, 1989–90-жылддарда Кыргызстан КП БКда мамлекеттик укук бөлүмүнүн башчысы, 1990–95-жылдарда СССР Жогорку Советинин Республикалар Советинин мүчөсү, КМШнын парламент аралык комиссиясынын коргонуу ж-а коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары, КРдин Жогорку Кеңешинде мыйзам чыгаруу, адам укугун коргоо, улуттук коопсуздук ж-а кылмыштуулук м-н күрөшүү б-ча комиссиянын төрагасы, 1995– 99-жылдарда Президенттин жардамчысы – КР Президентинин ЖКдагы мыйзам чыгаруу жыйынындагы ыйгарым укуктуу өкүлү, КР Президентинин Администрациясынын бөлүм башчысы, Коопсуздук кеңешинин катчысы, 2000–08-жылдарда Э. Алиев атындагы КР ИИМдин Академиясынын начальниги болуп иштеген. Медалдар м-н сыйланган.