ИШИМОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИШИМОВ Бексултан Бекмолдоевич [10. 08. 1947, СССР, Кыргыз ССРи, Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр (азыркы Аксы) району, Чарбак айылы] – милициянын генерал­-лейтенанты (1997); юридика илимдеринин доктору (2002), профессор (2001). Европа

укук академиясынын мүчөсү (Будапешт, 1999), Россия коргонуу, коопсуздук жана укук тартиби маселелери боюнча академиясынын акаде­миги (2002), Казакстан Республикасынын ИИМ академиясынын профессору (2002). Кыргыз Мамлекеттик Дене Тарбия иститутун (1969), СССР Ички Иштер министрлигинин Кара­ганды жогорку мектебин (1980), КПСС БКнын Коом­дук Илимдер академиясынын аспирантурасын (1986), АКШнын Остин шаарындагы университеттин (1996), Аскер-аба күчтөрүнүн борборунун атайын курсун (1998, Флорида штаты) бүтүргөн. 1971–1972-жылдарда Кыргыз ССР ИИМдин эмгек-түзөтүү колониясында от­ряд начальниги, 1972–1978-жылдарда инспектору, партко­мунун секретары, 1978–1988-жылдарда Кыргызстан КП БКда административдик органдар бөлүмүнүн инспектору, 1980– 1983-жылдарда Кыргызстан КП Талас обкомунун административдик орган­дар бөлүмүнүн башчысы, 1988–1989-жылдарда Кыргыз ССР ИИМде министрдин орун басары, 1989–1990-жылддарда Кыргызстан КП БКда мамлекеттик укук бөлүмүнүн башчы­сы, 1990–1995-жылдарда СССР Жогорку Советинин Республика­лар Советинин мүчөсү, КМШнын парламент ара­лык комиссиясынын коргонуу жана коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жо­горку Кеңешинде мыйзам чыгаруу, адам укугун коргоо, улуттук коопсуздук жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комиссиянын төрагасы, 1995– 999-жылдарда Кыргыз Республикасынын Президентинин жардамчысы, анын Жогорку Кеңештеги мыйзам чыгаруу жыйынындагы ыйгарым укуктуу өкүлү, КР Президентинин Ад­министрациясынын бөлүм башчысы, Кыргыз Республикасынын Коопсуз­дук кеңешинин катчысы, 2000–2008-жылдарда Э. Алиев атындагы Кыргыз Республикасынын Ички Иштер министрлигинин Академиясынын начальниги болуп иштеген. Медалдар менен сыйланган.