ИШЕНИМ ГРАМОТАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:07, 29 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИШЕНИМ ГРАМОТАСЫ – мамлекеттин чет өл­көдөгү дипломатиялык өкүлү болуп дайындалгандыгын ырастаган өкмөттүк документ. Кыргызстанда ишеним грамотасына КРдин Президенти кол коёт. Дипломатиялык өкүл кыз­матка киришүү учурунда барган өлкөнүн мам­лекет башчысына тапшырат. Адатта ишеним грамотасын тап­шыруу салтанаттуу түрдө өтүп, өкүлдүн иш жүргүзүү укугу күчүнө кирет.