ИШЕНИМ ГРАМОТАСЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИШЕНИМ ГРАМОТАСЫ – мамлекеттин чет өлкөдөгү дипломатиялык өкүлү болуп дайындалгандыгын ырастаган өкмөттүк документ. Кыргызстанда ишеним грамотасына КРдин Президенти кол коёт. Дипломатиялык өкүл кызматка киришүү учурунда барган өлкөнүн мамлекет башчысына тапшырат. Адатта ишеним грамотасын тапшыруу салтанаттуу түрдө өтүп, өкүлдүн иш жүргүзүү укугу күчүнө кирет.