ИШЕН-БУЛАК МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:06, 29 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИШЕН-БУЛАК МӨҢГҮСҮ – Күнгөй Ала-Тоонун түштүк капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Узундугу 2,9 км, аянты 4,2 км2. Чоң Ак-Суунун алабын­да жайгашкан. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4650 м, этеги 3400 м бийикте жатат. Кар чеги­нин бийиктиги 4000 м. Абляциянын аянты 2,2 км2. Мөңгү оң капталдагы кар көчкүлөрдөн куралат. Куралуу облусу мөңгүнүн «тилинен» омкорул­ма муздар аркылуу бөлүнөт. Мөңгүнүн бети те­гиз, муз жаракалары м-н тилмеленген. Мөңгүдөн Ишен-Булак суусу башталып, Чоң Ак-Сууга сол жактан куят.