ИШЕН-БУЛАК МӨҢГҮСҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИШЕН-БУЛАК МӨҢГҮСҮ – Күнгөй Ала-Тоонун түштүк капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Узундугу 2,9 км, аянты 4,2 км2. Чоң Ак-Суунун алабында жайгашкан. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4650 м, этеги 3400 м бийикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4000 м. Абляциянын аянты 2,2 км2. Мөңгү оң капталдагы кар көчкүлөрдөн куралат. Куралуу облусу мөңгүнүн «тилинен» омкорулма муздар аркылуу бөлүнөт. Мөңгүнүн бети тегиз, муз жаракалары м-н тилмеленген. Мөңгүдөн Ишен-Булак суусу башталып, Чоң Ак-Сууга сол жактан куят.