ИСЛАМАБАД
ИСЛАМАБА́Д – Пакистан Ислам Республикасынын борбор шаары. Өз алдынча административдик бирдик статусуна ээ. Борбордук федерация округунун административдик борбору. Ги-

малайдын этегиндеги Потвар платосунда, деңиз деңгээлинен 550 м бийиктикте жайгашкан. Исламабаддын климаты жагымдуу; июлдун эң жогорку температурасы 39°С, январдын эң төмөнкүсү 3°С. Калкы 657,8 миң (2008). Өлкөнүн мурдагы убактылуу борбору – Равалпинди шаары м-н туташып, агломерацияны түзөт; калкы 3,2 млн. Эл аралык аэропорту бар. Тамак-аш, жеңил өнөр жай ишканалары иштейт. Өлкөнүн илим-билим борбору. Пакистан ИА (1953), ири улуттук китепкана, университет (Каид-и- Азам), атом энергиясы боюнча Пакистан комиссиясы (бүткүл дүйнөгө белгилүү, 1956; курамында 20га жакын ИИИ бар), институттар (анын ичинде адам укугу, тарых, маданият ж. б.) ж-а Ислам таануу окуу жайы, улуттук архив (1951), музейлер, сүрөт галереясы бар. «Шехерезада» мейманканасы, Фейсал улутук мечити, шаар грек архитектору К. А. Доксиадистин долбоору м-н борборду куруу жөнүндөгү өкмөттүн 1959-жылкы чечимине ылайык (1960–70-жылдар) атайын курулган.