ИСЛАМАБАД

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСЛАМАБА́Д – Пакистан Ислам Республикасынын бор­бор шаары. Өз алдынча административдик бирдик статусуна ээ. Борбордук федерация округунун административдик борбору. Ги-

Шаардын жалпы көрүнүшү.

малайдын этегиндеги Потвар платосунда, деңиз деңгээлинен 550 м бийиктикте жайгашкан. Исламабаддын кли­маты жагымдуу; июлдун эң жогорку температурасы 39°С, январдын эң төмөнкүсү 3°С. Калкы 1,109 млн (2023). Өлкөнүн мурдагы убактылуу борбо­ру – Равалпинди шаары м-н туташып, агломерация­ны түзөт; калкы 3,2 млн. Эл аралык аэропорту бар. Тамак-аш, жеңил өнөр жай ишканалары иш­тейт. Өлкөнүн илим-билим борбору. Пакистан ИА (1953), ири улуттук китепкана, университет (Каид-и- Азам), атом энергиясы боюнча Пакистан комиссия­сы (бүткүл дүйнөгө белгилүү, 1956; курамында 20га жакын ИИИ бар), институттар (анын ичинде адам уку­гу, тарых, маданият ж. б.) ж-а Ислам таануу окуу жайы, улуттук архив (1951), музейлер, сүрөт галереясы бар. «Шехерезада» мейманка­насы, Фейсал улутук мечити, шаар грек ар­хитектору К. А. Доксиадистин долбоору м-н борборду куруу жөнүндөгү өкмөттүн 1959-жылкы чечимине ылайык (1960–70-жылдар) атайын ку­рулган.