ИСКАНДАРОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:25, 18 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСКАНДАРОВ Самандар (11. 06. 1951-жылы туулган, Ош облусу, Лейлек району, Кара-Суу айылы) – матема­тик, физика-математика илимдеринин доктору (2003). КМУну бүтүргөн (1974). 1975-жылдан Кыргыз ССР ИАнын физика ж-а математика институтунда (1984), 1984-жылдан математика институтунда ин­женер, илимий кызматкер, жетектөөчү илимий кызмат­кер, учурда лаборатория башчысы. Дифференциалдык ж-а интегралдык теңдемелер боюнча адис. 180 илимий эмгеги жарык көргөн. Орто мектептин 9-клас­сы үчүн кыргызча «Алгебра» окуу китебинин ав­торлорунун бири.

Эмг.: Метод весовых и срезывающих функций и асимптотические свойства решений интегро-диф­ференциальных и интегральных уравнений типа Вольтерра. Б., 2002.