ИСКАНДАРОВ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИСКАНДАРОВ Самандар (11. 06. 1951-жылы туулган, Ош облусу, Лейлек району, Кара-Суу айылы) – математик, физика-математика илимдеринин доктору (2003). КМУну бүтүргөн (1974). 1975-жылдан Кыргыз ССР ИАнын физика ж-а математика институтунда (1984), 1984-жылдан математика институтунда инженер, илимий кызматкер, жетектөөчү илимий кызматкер, учурда лаборатория башчысы. Дифференциалдык ж-а интегралдык теңдемелер боюнча адис. 180 илимий эмгеги жарык көргөн. Орто мектептин 9-классы үчүн кыргызча «Алгебра» окуу китебинин авторлорунун бири.
Эмг.: Метод весовых и срезывающих функций и асимптотические свойства решений интегро-дифференциальных и интегральных уравнений типа Вольтерра. Б., 2002.