ИСАНОВ
ИСАНОВ Насирдин (7. 11. 1943, Ош облусу, Ноокен району, Көк-Бел айылы – 29. 11. 1991, Жалал-Абад облусу, Кочкор-Ата шаары, сөөгү Бишкекке коюлган) – коомдук-мамлекеттик ишмер. Москва

инженердик-курулуш институтун (1965), Алматы жогорку партиялык мектебин (1975) бүтүргөн. Москва курулуш трестинде жумушчу (1960–61), «Ош шаар курулуш» трестинде прораб, башкы инженер (1965–70), Кыргызстан КП Ош обкомунун курулуш бөлүмүндө инструктор (1970–74), «Нарын суу энергия курулуш» башкармасында парткомдун секретары (1974–76). Кыргызстан КП БКнын шаардык чарба ж-а курулуш бөлүмүндө бөлүм башчынын орун басары, бөлүм башчы (1976), Кыргыз ССРинин мамлекеттик курулуш комитетинин төрагасынын орун басары (1983–86), Кыргыз ССРинин курулуш министри (1986–88), Ысык-Көл облустук советинин аткаруу комитетинин төрагасы (1988–90), КРдин вице-президенти (1990–91), КРдин Премьер-министри (1991). СССР инж. академиясынын академиги (1991). Кыргыз ССР Жогорку Советинин 3 жолку депутаты (1980, 1985, 1990). Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери м-н сыйланган. Эгемендүү Кыргызстандын алгачкы Премьер-министри катары анын экономикасын кайра жөнгө салууда чоң салым кошкон. Бишкек шаарынын бир көчөсүнө, КМКТАУга ысмы ыйгарылып, Эркиндик бульварына эстелиги орнотулган.