ИСАКОВ Бектур

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:07, 17 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page ИСАКОВ 1 to ИСАКОВ Бектур) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСАКОВ Бектур Сыдыкович (12. 5. 1942-жылы туулган,

Талас району, Арал айылы) – педагог, КРдин эл мугалими, Кыргыз ССР эл агартуусунун отлич­ниги (1974), СССР эл агартуусунун отличниги (1980). КМУнун филология факультетин бүтүргөндөн (1965) К. Нанаев атындагы Арал орто мек­тебинде мугалим. Исаков кыргыз тилинин вариативдүү окуу программасын (5-класс), Ма­нас сабагын окутуу чежире­син (3–11-класстар), Ыйман саба­гы боюнча окуу программасын түзүүгө катышкан. Ошондой эле «Биздин адабият» (5-класс), «Кыргыз адабияты» (8-класс), «Кыргыз тили» (7–9-класстар), «Манас сабагы» (3– 11-класстар) окуу китептерин жазган. Республикада бирин­чи жолу өзүнүн алдыңкы тажрыйба мектебин уюштурган (1980). «Ардак Белгиси» ордени, Даңк медалы м-н сыйланган.