ИСАКОВ Бектур
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИСАКОВ Бектур Сыдыкович (12. 5. 1942-жылы туулган,

Талас району, Арал айылы) – педагог, КРдин эл мугалими, Кыргыз ССР эл агартуусунун отличниги (1974), СССР эл агартуусунун отличниги (1980). КМУнун филология факультетин бүтүргөндөн (1965) К. Нанаев атындагы Арал орто мектебинде мугалим. Исаков кыргыз тилинин вариативдүү окуу программасын (5-класс), Манас сабагын окутуу чежиресин (3–11-класстар), Ыйман сабагы боюнча окуу программасын түзүүгө катышкан. Ошондой эле «Биздин адабият» (5-класс), «Кыргыз адабияты» (8-класс), «Кыргыз тили» (7–9-класстар), «Манас сабагы» (3– 11-класстар) окуу китептерин жазган. Республикада биринчи жолу өзүнүн алдыңкы тажрыйба мектебин уюштурган (1980). «Ардак Белгиси» ордени, Даңк медалы м-н сыйланган.