ИСАЕВ Рустамбек

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:18, 17 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page ИСАЕВ 6 to ИСАЕВ Рустамбек) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСАЕВ Рустамбек (26. 6. 1951-жылы туулган, Ош облусу, Ноокат району, Жал кыштагы) – юстициянын гене­рал-майору (1997), юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси (2001), прокуратуранын ардак­туу кызматкери (2001). 1997-жылы КМУну бүткөн. 1968–70-жылдарда «Чүй өнөр жай курулуш» трестинде жумушчу, 1977–81-жылдарда Аламүдүн райондук проку­ратурасында стажёр, тергөөчү, прокурордун орун


басары, 1981–88-жылдарда Кали­нин, Кант райондук прокура­тураларында прокурор, 1988–91-жылдарда Кыргыз ССРи­нин башкы прокуратурасын­да бөлүм начальниги, 1991– 97-жылдарда Бишкек шаардык, Ысык-Көл облустук прокуратура­ларында прокурор, 1997– 2004-жылдарда КРдин башкы про­курорунун орун басары – аскер прокурору, 2004-жылдан Нарын облустук про­куратурасында прокурор.