ИСАЕВ Рустамбек
ИСАЕВ Рустамбек (26. 06. 1951, СССР, Кыргыз ССРи, Ош облусу, Ноокат району, Жал кыштагы) – юстициянын генерал-майору (1997), юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси (2001), прокуратуранын ардактуу кызматкери (2001). 1977-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн. 1968–1970-жылдарда «Чүй өнөр жай курулуш» трестинде жумушчу, 1977–1981-жылдарда Аламүдүн райондук прокуратурасында стажёр, тергөөчү, прокурордун орун

басары, 1981–1988-жылдарда Калинин (азыркы Жайыл), Кант райондук прокуратураларында прокурор, 1988–1991-жылдарда Кыргыз ССРинин башкы прокуратурасында бөлүм начальниги, 1991– 1997-жылдарда Бишкек шаардык, Ысык-Көл облустук прокуратураларында прокурор, 1997– 2004-жылдарда Кыргыз Республикасынын башкы прокурорунун орун басары – аскер прокурору, 2004-2012-жылдары Нарын, 2012-жылы Чүй облустук прокуратурасында прокурор, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасында прокурорлорду даярдоо борборунун директору.