ИТЕЛГИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:48, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИТЕЛГИ (Falco cherrug) – шумкарлар тукумун-

дагы алгыр куш. Дене узундугу 60 смге жетет. Уясын аска­га, даракка салат. Бир жашында жетилет.

Көбүнчө 3–6 жу­муртка тууйт. Бала­пандарын март – апрель айларында басып чыгарат. Куштар, кемирүүчүлөр м-н азыктанат. Ителгинин азайып кетишине ж а р а т ы л ы ш т ы н ууланышы, анын балапандарын кушчу саяпкерлердин кармап алуусу себеп болгон. Ителги – баалуу алгыр куш. Кыргыстандын түндүк, түштүк аймактарында сейрек та­ралган. Токойлуу талааларды ж-а чөлдөрдү ме­кендейт. Кыргызстанда бул түр кескин азайып жат­кандыктан, Кыргызстандын Кызыл китебинин тиз­месине киргизилген.