ИТЕЛГИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИТЕЛГИ (Falco cherrug) – шумкарлар тукумун-

дагы алгыр куш. Дене узундугу 60 смге жетет. Уясын аскага, даракка салат. Бир жашында жетилет. Көбүнчө 3–6 жумуртка тууйт. Балапандарын март – апрель айларында басып чыгарат. Куштар, кемирүүчүлөр м-н азыктанат. Ителгинин азайып кетишине ж а р а т ы л ы ш т ы н ууланышы, анын балапандарын кушчу саяпкерлердин кармап алуусу себеп болгон. Ителги – баалуу алгыр куш. Кыргызстандын түндүк, түштүк аймактарында сейрек таралган. Токойлуу талааларды ж-а чөлдөрдү мекендейт. Кыргызстанда бул түр кескин азайып жаткандыктан, Кыргызстандын Кызыл китебинин тизмесине киргизилген.