ИСМАИЛОВА Инахон

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:54, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) (Dilde moved page ИСМАИЛОВА Инохан to ИСМАИЛОВА Инахон) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСМАИЛОВА Инахон (1921-жылы туулган, Ош облусу, Кара-Суу району, Дыйкан-Кыштак айылы – 2002, ошол эле жерде) – пахтачы, Социалисттик Эмггектин Баатыры (1947). Ош облусунун Кара-Суу районундагы

«Кызыл-Шарк» колхозунда колхозчу, 1943-жылдан пах­тачылык звеного звено баш­чысы болуп иштеген. Ал же­тектеген звено 5 га жердеги пахтанын ар гектарынан 1945-ж. 58 ц, 1946-ж. 68,4 ц, 1947-ж. 4 га жерден 91,3 цден пахта жыйнап алган. Ленин, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери м-н сыйланган.