ИСМАИЛОВА Инахон
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИСМАИЛОВА Инахон (1921-жылы туулган, Ош облусу, Кара-Суу району, Дыйкан-Кыштак айылы – 2002, ошол эле жерде) – пахтачы, Социалисттик Эмггектин Баатыры (1947). Ош облусунун Кара-Суу районундагы

«Кызыл-Шарк» колхозунда колхозчу, 1943-жылдан пахтачылык звеного звено башчысы болуп иштеген. Ал жетектеген звено 5 га жердеги пахтанын ар гектарынан 1945-жылы 58 ц, 1946-жылы 68,4 ц, 1947-жылы 4 га жерден 91,3 цден пахта жыйнап алган. Ленин, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери м-н сыйланган.