ИРКУТ
ИРКУ́Т – Россиядагы дарыя. Бурятия м-н Иркут облустарында, Ангаранын сол куймасы. Узундугу 488 км (Кара Иркут дарыясынын башатынан), алабынын аянты 15 миң км2. Чыгыш Саян тоолорунан башталып, Тункин өрөөнү, төмөн жагында босоголуу капчыгай аркылуу агат. Суусунун орточо чыгымы 140 м3/сек. Сал агызылат. Чатында Иркутск шаары жайгашкан.