ИРКУТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИРКУ́Т – Россиядагы дарыя. Бурятия м-н Ир­кут облустарында, Ангаранын сол куймасы. Узундугу 488 км (Кара Иркут дарыясынын башатынан), алабынын аянты 15 миң км2. Чыгыш Саян тоолорунан башталып, Тункин өрөөнү, төмөн жагында бо­соголуу капчыгай аркылуу агат. Суусунун орточо чыгымы 140 м3/сек. Сал агызылат. Чатында Ир­кутск шаары жайгашкан.