ИОНИЯ ДЕҢИЗИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:34, 8 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

И́ОНИЯ ДЕҢИЗИ – Жер Ортолук деңизинин борбордук бөлүгү. Балкан, Апеннин жарым аралдары м-н Крит, Сицилия аралдарынын аралыгында. Адрия де­ңизи м-н Отранто, Тиррен деңизи м-н Мессина кысыктары аркылуу туташат. Аянты 169 миң км2. Эң терең жери 5121 м. Ири булуңдары: Патраикос, Коринф, Таранто. Чыгышында Иония аралдары жайгашкан. Суунун температурасы февралда 14°Сден августта 25,5°Сге чейин. Туз­дуулугу 38‰. Суткада эки жолу ташкындайт (бийиктиги 0,4 мге чейин). Балык (скумбрия, кы­зыл тунец, камбала, кефаль) кармалат. Башкы порттору: Патры, Керкира (Грекия), Таранто, Ка­тания (Италия).