ИОНИЯ ДЕҢИЗИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
И́ОНИЯ ДЕҢИЗИ – Жер Ортолук деңизинин борбордук бөлүгү. Балкан, Апеннин жарым аралдары м-н Крит, Сицилия аралдарынын аралыгында. Адрия деңизи м-н Отранто, Тиррен деңизи м-н Мессина кысыктары аркылуу туташат. Аянты 169 миң км2. Эң терең жери 5121 м. Ири булуңдары: Патраикос, Коринф, Таранто. Чыгышында Иония аралдары жайгашкан. Суунун температурасы февралда 14°Сден августта 25,5°Сге чейин. Туздуулугу 38‰. Суткада эки жолу ташкындайт (бийиктиги 0,4 мге чейин). Балык (скумбрия, кызыл тунец, камбала, кефаль) кармалат. Башкы порттору: Патры, Керкира (Грекия), Таранто, Катания (Италия).