КАРА-БУЛАК АГАТ КЕНИ
КАРА-БУЛАК АГАТ КЕНИ Баткен обл-нун Лейлек р-нунда, Кара-Булак кыш-нан 4 км аралыкта жайгашкан. 1992-ж. геол. карта түзүүдѳ табылган. Жанартоо тектеринин кесек бѳлүкчѳлѳру кальцит минералы м-н цементтелген. Халцедон линза түрүндѳгү туура эмес түспѳлдѳгү кѳңдѳйчѳлѳрдү толтуруп, кѳлѳмү 3x5 смден 5x10 смге жетет. Анын жалпы санынын 3-5%ин агат ядросу түзѳт. Агат кооз буюмдарды жасоого жарамдуу. Запасы эсептелген эмес.