КАРА-БУЛАК АГАТ КЕНИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАРА-БУЛАК АГАТ КЕНИ Баткен облусунун Лейлек районунда, Кара-Булак кыштагынан 4 км аралыкта жайгашкан. 1992-жылы геологиялык карта түзүүдѳ табылган. Жанартоо тектеринин кесек бѳлүкчѳлѳру кальцит минералы менен цементтелген. Халцедон линза түрүндѳгү туура эмес түспѳлдѳгү кѳңдѳйчѳлѳрдү толтуруп, кѳлѳмү 3x5 смден 5x10 смге жетет. Анын жалпы санынын 3-5%ин агат ядросу түзѳт. Агат кооз буюмдарды жасоого жарамдуу. Запасы эсептелген эмес.