КАРАБУК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАБУК , Ийри-Суу - Нарын д-нын сол
куймасы. Ак-Талаа р-нунун аймагы м-н агат.
Уз. 55 км, алабынын аянты 418 км2. Ойнок-
Жар тоосунун түн. капталынан Миң-Булак де­ген ат м-н башталып, капчыгайлуу ѳрѳѳн м-н
түн.-чыгышты карай агат. Ийри-Суу м-н кошул­гандан кийин Байбиче тоосун кесип ѳтүп, На­рынга сол жактан куят. Эң кѳп чыгымы июнь­июлда, азы ноябрь-декабрда байкалат. Неги­зинен кар ж-а булак сууларынан куралат. Ири
куймасы - Сары-Коо. Жылдык орт. чыгымы
0,7-1,3 м3/сек. Ѳрѳѳнүндѳ Жаңы-Тилек кыш.
жайгашкан. Сугатка пайдаланылат.