КАРАБУК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАБУК , Ийри-Суу - Нарын дарыясынын сол
куймасы. Ак-Талаа районунун аймагы м-н агат.
Узундугу 55 км, алабынын аянты 418 км2. Ойнок-
Жар тоосунун түндүк капталынан Миң-Булак де­ген ат м-н башталып, капчыгайлуу ѳрѳѳн м-н
түндүк-чыгышты карай агат. Ийри-Суу м-н кошул­гандан кийин Байбиче тоосун кесип ѳтүп, На­рынга сол жактан куят. Эң кѳп чыгымы июнь-­июлда, азы ноябрь-декабрда байкалат. Неги­зинен кар ж-а булак сууларынан куралат. Ири
куймасы - Сары-Коо. Жылдык орточо чыгымы
0,7-1,3 м3/сек. Ѳрѳѳнүндѳ Жаңы-Тилек кыштагы
жайгашкан. Сугатка пайдаланылат.