КАРАБОТО БИЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАБОТО БИЙ - кытай уруусунун18-к-дагы
бийи. Кытай жазма даректери б-ча Маматкул
бийдин жардамчысы ж-а кыргыздарды 18-к-дын
2-жарымында Кетмен-Тѳбѳдѳн Талас, Чүй ѳрѳѳ-
нүнѳ кѳчүрүүгѳ (к. Кыргыздардын Чуйгѳ келиши)
демилге кѳтѳргѳндѳрдүн бири. 1758-ж. Таласка
кѳчүп келген кытай уруусун бийлеп, 1200 түтүнү
м-н Ак-Дѳбѳдѳ турган. Орус архив маалымат­тары б-ча 1764-ж. кышында Түркстан аймагын­дагы К. б-дин айылына Орто жүз казактары­нын султаны Абылпейиз кол салса, 1766-ж.
Абылай султан колунан катуу жабыр кѳрүп, бир
баласын ж-а 9 (7) түтүндү казактарга аманат
берүүгѳ аргасыз болгон. Санжыраларда Мамат­кул бий м-н бугулардын (Тогузбайдын) айылын
айыпка жыгып, олжого бир кыз алганы ж-а
андан Асан, Үсѳн аттуу эгиз балалуу болгону
ж-дѳ баяндар бар.


Ад.: Казахско-русские отношение в XVI-XVIII веков
(Сб. документов и материалов). А., 1961; Материалы
по истории кыргызов и Кыргызстана. Т. 2. Б., 2003.