КАРАБОТО БИЙ
КАРАБОТО БИЙ - кытай уруусунун XVIII кылымдагы бийи. Кытай жазма даректери боюнча Маматкул бийдин жардамчысы жана кыргыздарды XVIII кылымдын 2-жарымында Кетмен-Тѳбѳдѳн Талас, Чүй ѳрѳѳнүнѳ кѳчүрүүгѳ (к. Кыргыздардын Чуйгѳ келиши) демилге кѳтѳргѳндѳрдүн бири. 1758-жылы Таласка кѳчүп келген кытай уруусун бийлеп, 1200 түтүнү менен Ак-Дѳбѳдѳ турган. Орус архив маалыматтары боюнча 1764-жылы кышында Түркстан аймагындагы Каработо бийдин айылына Орто жүз казактарынын султаны Абылпейиз кол салса, 1766-жылы Абылай султан колунан катуу жабыр кѳрүп, бир баласын жана 9 (7) түтүндү казактарга аманат берүүгѳ аргасыз болгон. Санжыраларда Маматкул бий менен бугулардын (Тогузбайдын) айылын айыпка жыгып, олжого бир кыз алганы жана андан Асан, Үсѳн аттуу эгиз балалуу болгону жөнүндѳ баяндар бар.
Ад.: Казахско-русские отношение в XVI-XVIII веков (Сб. документов и материалов). А., 1961; Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Т. 2. Б., 2003.