КАРА БЕДЕ
КАРА БЕДЕ (Medicago Tianshanica) – өсүмдүктөрдүн чанактуулар тукумундагы көп жылдык чөп. Тамыры жоон, эң терең кетет. Сабагы 40– 80 см ге жетет, жыш жалбырактуу. Топ гүлү чачы, 10–25 гүлдү камтыйт. Чөйчөкчөсү түктүү, желекчесинин түсү көк, кызгылт көк, саргыч, ак, жашыл сымак ж. б., мөмөсү – чыйралган чанак. Уругу сары. Июлда, августта гүлдөйт, август, сентябрда мөмө байлайт. Борб. Азияда, Казакстанда, Кырг-нда Талас, Чаткал, Фергана, Алайда кеңири таралган. Батыш Тянь-Шандын кара топурактуу, күрөң топурактуу суу жээктеринде, субальп алкагындагы токой-чер арасында өсөт. Анын дагы бир түрчөсү Жалал-Абад облнун Кара-Алма аймагынан табылган. К. б. баалуу тоют. Сабагы бийик, жалбырагы жыш, топурак тандабай өсөт, аязга, кургакка чыдамдуу.