КАРА-БАТКАК ОФИКАЛЬЦИТ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:00, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-БАТКАК ОФИКАЛЬЦИТ КЕНИ Ысык- Көл обл-нын Жети-Өгүз р-нунда, Кызыл-Суу кыш-нан 28 км түш. тарапта, Тескей Ала-Тоо­нун түн. капталындагы Чоң Кызыл-Суу өрөө­нүнүн төрүндө. Кен аймагында протерозойдун акиташ теги, сланец, кварцит сыныкчаларынан турган морена орун алган. Мында туурасы 20– 40 м, уз. 400 м аянтта моренанын 8–10%ин түз­гөн офикальцит койташтары, 0,8 м шагылда­ры кездешет. Офикальцит кооз келип, кызгыл­тым боз, күңүрт жашыл түстө. Жакшы сайкал­данат. Запасы 100 м3. Кооз буюмдарды жасоого болот.