КАРА-БАЛТА СУУ САКТАГЫЧЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:00, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-БАЛТА СУУ САКТАГЫЧЫ Жайыл р-нун­дагы Кара-Суу кыш-нан 6 км жогору жайгаш­кан. 1963-ж. курула баштап, 1964-ж. ишке кир­гизилген. Ал Кара-Балта суусу м-н толот. Суу агымын жыл мезгилине жараша жөнгө салат. Сугатчылыкта пайдаланылат. Уз. 2,45 км, эң

жазы жери 1,25 км, эң терең жери 7,92 м, суу толгондогу аянты 0,49 км2, сыйымд. 4,3 млн м3. Суу өткөрүү мүмкүнчүлүгү 5 м3/сек. Плотинанын уз. 197 м, туурасы 3 м, эң бийик жери 11,68 м. Жайыл р-нунун 1,68 миң га жерин суу м-н кам­сыз кылат.