КАРА БАЛТА
КАРА БАЛТА , к ы р г ы з б а л т а – курч темирден жасалган, узун саптуу эмгек шайманы. Мизи сабына жарыш, анча жазы эмес (6–8 см), башы уңгусуна чейин калың, сапталуучу көзөнөгү тегерек, сабынын уз. 50–60 см. Четин, кайың сыяктуу жумуру жыгачтан жасалат. К. б. ак балтага караганда 1,5–2 эсе оор келип, көбүнчө отун жарууга колдонулат. К. б. азыр сейрек кездешет.