КАРА БАЛТА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА БАЛТА , к ы р г ы з б а л т а – курч темирден жасалган, узун саптуу эмгек шай­маны. Мизи сабына жарыш, анча жазы эмес (6–8 см), башы уңгусуна чейин калың, сапталуу­чу көзөнөгү тегерек, сабынын узундугу 50–60 см. Че­тин, кайың сыяктуу жумуру жыгачтан жаса­лат. Кара балта ак балтага караганда 1,5–2 эсе оор келип, көбүнчө отун жарууга колдонулат. Кара балта азыр сейрек кездешет.