КАРА-АЛМА МАРГАНЕЦ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:00, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-АЛМА МА́РГАНЕЦ КЕНИ Жалал-Абад обл-нун Сузак р-нунда, Жалал-Абад ш-нан 50 км түн.-чыгышта. Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш этегиндеги Кара-Алма суусунун ала­бында жайгашкан. 1937-ж. табылып, 1942-ж. чалгындалган. Кен чөкмө түрдө пайда болуп, бор мезгилинин кумдук катмарында топтолгон. Ал негизинен кварц-марганецтүү кумдук, чанда кумдуктуу марганец конкрецияларынын кабат­чалары м-н линзаларынан турат. Марганецтин кенташтагы орт. өлчөмү 6,0%. Негизги минера­лы пиролюзит. Марганецтин запасы: С1 катего­риясы б-ча С1– 11,458 миң т, С2– 17,665 миң т. С1+ +С2 – 29,118 миң т.