КАРА-АЛМА МАРГАНЕЦ КЕНИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАРА-АЛМА МА́РГАНЕЦ КЕНИ Жалал-Абад облусунун Сузак районунда, Жалал-Абад шаарынан 50 км түндүк-чыгышта. Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш этегиндеги Кара-Алма суусунун алабында жайгашкан. 1937-жылы табылып, 1942-жылы чалгындалган. Кен чөкмө түрдө пайда болуп, бор мезгилинин кумдук катмарында топтолгон. Ал негизинен кварц-марганецтүү кумдук, чанда кумдуктуу марганец конкрецияларынын кабатчалары м-н линзаларынан турат. Марганецтин кенташтагы орточо өлчөмү 6,0%. Негизги минералы пиролюзит. Марганецтин запасы: С1 категориясы б-ча С1– 11,458 миң т, С2– 17,665 миң т, С1+ +С2 – 29,118 миң т.