КАПЧЫГАЙ (өрөөн)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАПЧЫГАЙ – Түш. Теңир-Тоодогу кууш өрөөн.
Түштүгүнөн Алайкуу, Академик Адышев кыр­ка тоолору, түндүгүнөн Фергана тоо тизмеги м-н чектешет. Кара-Кулжа р-нунун аймагында.
Уз. 80 км. Таманы деңиз деңг. 1200–2000 м би­йикте. Кууш капчыгайлуу, кокту-колоттуу; Фер­гана тоо тизмеги тарабы жантайыңкы, Алай­куу жагы тик. Негизинен палеозойдун сланец, алевролит, кум-шагыл, конгломерат, акиташ тектеринен түзүлгөн. Жайы ысык (июлдун орт. темп-расы 15°С), кышы суук, ызгаардуу (январ­дыкы –16°С). Өрөөн аркылуу Тар суусу агып өтөт. Негизинен талаа (1300–1600 м), токойлуу талаа (1600–1900 м), токойлуу шалбаа (1900– 2500 м) ландшафттары мүнөздүү. Дыйканчылык­та пайдаланылат. Өрөөндө жайыт, чабынды жерлер да бар.