КАПЧЫГАЙ (өрөөн)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАПЧЫГАЙ – Түштүк Теңир-Тоодогу кууш өрөөн. Түштүгүнөн Алайкуу, Академик Адышев кырка тоолору, түндүгүнөн Фергана тоо тизмеги м-н чектешет. Кара-Кулжа районунун аймагында. Узундугу 80 км. Таманы деңиз деңгээлинен 1200–2000 м бийикте. Кууш капчыгайлуу, кокту-колоттуу; Фергана тоо тизмеги тарабы жантайыңкы, Алайкуу жагы тик. Негизинен палеозойдун сланец, алевролит, кум-шагыл, конгломерат, акиташ тектеринен түзүлгөн. Жайы ысык (июлдун орточо температурасы 15°С), кышы суук, ызгаардуу (январдыкы –16°С). Өрөөн аркылуу Тар суусу агып өтөт. Негизинен талаа (1300–1600 м), токойлуу талаа (1600–1900 м), токойлуу шалбаа (1900– 2500 м) ландшафттары мүнөздүү. Дыйканчылыкта пайдаланылат. Өрөөндө жайыт, чабынды жерлер да бар.