КАПУСТА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:00, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАПУ́СТА (Brassica L.) – өсүмдүктөрдүн кайчы гүлдүүлөр тукумунун уруусу. Көпчүлүк түрү бир же эки жылдык жашылча, май алынуучу, тоют өсүмдүгү. К-нын үч түрү Евразия ж-а Түн. Аме­рикада өсөт. К. жаңы кезинде, о. эле туздал­гандан кийин тамак-аш жасоодо (борщ, салат ж. б.) керектелет. Кышка жакшы сакталат. Бар­дык континентте өстүрүлөт. Алар: ак, савойя, брюссель, жалбырактуу, кытай, түстүү, тоют К-сы ж. б. болуп бөлүнөт. Райондоштурулган сорттору: Грибов 147, Стахановка 1513, Даңк 1305, Беларусь 455, ж. б. Савойя К-сында бе-

Капуста: 1 – ак кочан­дуу капуста; 2 – жара кесилиши.

лок, С витамини көп, даамдуу, бирок туздал­байт; сорттору – Юбилей 2170, Вена эртечили 1346, Вертю 1340 ж. б. Брюссель К-сы сууга бы­шырылган түрүндө тамак-ашка керектелет. Ке­ңири таралган сорту Геркулес 1342. Кольраби кант ж-а С витамининин көптүгү м-н айырма­ланат; тамак-ашка чийки, куурулган же дем­делген түрүндө керектелет. Жалбырактуу К. жа­шылча, тоют алуу максатында, о. эле кооздук үчүн да эгилет. Пекин К-сында С витамини, кальций, фосфор, темир туздары бар. Түстүү К. эрте жетилет, жылытылмада өстүрүлгөнү жыл бою түшүм берет. Райондоштурулган сорт­тору: Снежинка, Ата Мекен, Москва, Түшүмдүү ж. б. Жалбырактуу К-нын бир түрү – тоют К-сы баш байлабайт, а. ч. үчүн мааниси чоң. Сабагынын бийикт. 1–1,5 мге жетет. Жылуу жерде жакшы өсөт. Углевод, минерал туз, ви­таминдерге бай. Хим. курамында 85,6% суу, 2,3% протеин, 0,4% май, 2,3% клетчатка ж. б. бар. Бардык мал жакшы жейт. Гектарынан 500– 600 ц (күрдүү жерде айдалып, ным жетиштүү болсо 800–1000 ц) жашыл тоют берет. К. – суук-

ка байымдуу жашылча өсүмдүгү. К-ны көчө­түнөн өстүрүү ыкмасы кеңири таралган. К-нын Кырг-нда эгилүүчү сорттору: Грибов 147, Даңк 1305, Үмүт, Кыргыз, Чүй, Судья 146 ж. б. Зыян­кечтери: К. чымыны, К. күбөсү, К. үкүчөсү, К. канталасы ж. б.; илдеттери: жалган чаңгыл кебер, альтернариоз, боз чирик, ак чирик ж. б.