КАПУСТА
КАПУ́СТА (Brassica L.) – өсүмдүктөрдүн кайчы гүлдүүлөр тукумунун уруусу. Көпчүлүк түрү бир же эки жылдык жашылча, май алынуучу, тоют өсүмдүгү. Капустанын үч түрү Евразия ж-а Түндүк Америкада өсөт. Капуста жаңы кезинде, ошондой эле туздалгандан кийин тамак-аш жасоодо (борщ, салат ж. б.) керектелет. Кышка жакшы сакталат. Бардык континентте өстүрүлөт. Алар: ак, савойя, брюссель, жалбырактуу, кытай, түстүү, тоют капустасы ж. б. болуп бөлүнөт. Райондоштурулган сорттору: Грибов 147, Стахановка 1513, Даңк 1305, Беларусь 455, ж. б. Савойя капустасында бе-

лок, С витамини көп, даамдуу, бирок туздалбайт; сорттору – Юбилей 2170, Вена эртечили 1346, Вертю 1340 ж. б. Брюссель капустасы сууга бышырылган түрүндө тамак-ашка керектелет. Кеңири таралган сорту Геркулес 1342. Кольраби кант ж-а С витамининин көптүгү м-н айырмаланат; тамак-ашка чийки, куурулган же демделген түрүндө керектелет. Жалбырактуу капуста жашылча, тоют алуу максатында, ошондой эле кооздук үчүн да эгилет. Пекин капустасында С витамини, кальций, фосфор, темир туздары бар. Түстүү капуста эрте жетилет, жылытылмада өстүрүлгөнү жыл бою түшүм берет. Райондоштурулган сорттору: Снежинка, Ата Мекен, Москва, Түшүмдүү ж. б. Жалбырактуу капустанын бир түрү – тоют капустасы баш байлабайт, айыл чарбасы үчүн мааниси чоң. Сабагынын бийиктиги 1–1,5 мге жетет. Жылуу жерде жакшы өсөт. Углевод, минерал туз, витаминдерге бай. Химиялык курамында 85,6% суу, 2,3% протеин, 0,4% май, 2,3% клетчатка ж. б. бар. Бардык мал жакшы жейт. Гектарынан 500– 600 ц (күрдүү жерде айдалып, ным жетиштүү болсо 800–1000 ц) жашыл тоют берет. Капуста – суук-
ка байымдуу жашылча өсүмдүгү. Капустаны көчөтүнөн өстүрүү ыкмасы кеңири таралган. Капустанын Кыргызстанда эгилүүчү сорттору: Грибов 147, Даңк 1305, Үмүт, Кыргыз, Чүй, Судья 146 ж. б. Зыянкечтери: капуста чымыны, капуста күбөсү, капуста үкүчөсү, капуста канталасы ж. б.; илдеттери: жалган чаңгыл кебер, альтернариоз, боз чирик, ак чирик ж. б.