КАПТАЖ
КАПТА́Ж (лат. captage – кармайм, тосом) – жер астындагы суу, нефть ж-а газды жер бетине чыгаруу, пайдалануу үчүн жүргүзүлгөн инж.-тех. иш-чаралар комплекси. К. курулмаларынын эң байыркы түрлөрүнүн бири – кяриз (кыртыш суусун жер бетине чыгарат) Түш. Чыгыш Азияда (а. и. Борб. Азияда) көп колдонулган. Азыркы К. курулушу жердин гидрогеол. шартына, суунун курамына ж-а запасына карата ар кандай типте ж-а констр-да курулат. К-дын эң жөнөкөй түрү жер астынан суу чыгаруучу шахталык кудук. Кудук бекем болсун үчүн капталдарына таш, кыш тизилет. К-дын эң көп колдонулган түрү жалгыздан ж-а топтоштурулуп бургуланган көзөнөк болуп эсептелет. Мындай К-дар 2 км тереңдиктеги сууларды жер бетине чыгарат. Пайдалануу ыгына жараша фонтандык, компрессордуу, насостуу, бургуланган көзөнөктүү К-га айырмаланат. Көбүнчө сугат ишинде ж-а мал сугарууда пайдаланылат.