КАПТАЖ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАПТА́Ж (лат. captage – кармайм, тосом) – жер астындагы суу, нефть ж-а газды жер бетине чыгаруу, пайдалануу үчүн жүргүзүлгөн инженердик-техникалык иш-чаралар комплекси. Каптаж курулмаларынын эң байыркы түрлөрүнүн бири – кяриз (кыртыш суусун жер бетине чыгарат) Түштүк Чыгыш Азия­да (анын ичинде Борбордук Азияда) көп колдонулган. Азыр­кы каптаж курулушу жердин гидрогеологиялык шартына, суунун курамына ж-а запасына карата ар кан­дай типте ж-а конструкцияда курулат. Каптаждын эң жө­нөкөй түрү жер астынан суу чыгаруучу шахта­лык кудук. Кудук бекем болсун үчүн капталда­рына таш, кыш тизилет. Каптаждын эң көп колдо­нулган түрү жалгыздан ж-а топтоштурулуп бур­гуланган көзөнөк болуп эсептелет. Мындай каптаждар 2 км тереңдиктеги сууларды жер бетине чыгарат. Пайдалануу ыгына жараша фонтан­дык, компрессордуу, насостуу, бургуланган көзө­нөктүү каптажга айырмаланат. Көбүнчө сугат ишин­де ж-а мал сугарууда пайдаланылат.