КАПТАГАЕВ
КАПТАГАЕВ Эмилбек Саламатович (18. 6. 1957-ж. т., Ысык-Көл обл., Ысык-Көл р-ну, Чок- Тал айылы) – мамл. ж-а коомдук-саясий ишмер.

КРдин 3-класстагы мамл. кеңешчиси. Физика-математика илимд. кандидаты. 1980-ж. КМУну бүтүргөн. 1980–91-ж. Кыргыз ССР ИАнын Физика ж-а математика ин-тунда инженер, кенже ил. кызматкер, 1991–93-ж. КР Өкмөтүнүн алдында Жаштар иштери б-ча мамл. комиссиясында топтун башкы адисижетекчиси, Кырг-н КП БК-нын 2-секретарынын жардамчысы, КР Мамл. контракт к-тинде бөлүм башчы, Соода ж-а материалдык резерв министринин орун басары, 1993–94-ж. КР Өкмөт аппаратынын бөлүм башчысы, 1994–96-ж. КР Премьер-министринин кеңешчиси, 1996–99-ж. КР Өкмөтүнүн алдындагы Дин иштери б-ча мамл. комиссиянын төрагасы, 1999–2002-ж. Ысык-Көл обл. мамл. администрация башчысы-губернатордун 1-орун басары, 2002–04-ж. Жети-Өгүз р-ндук мамл. администрация башчысы-аким, 2004– 10-ж. «Улуу Биримдик» улуттук-демокр. партиясынын төрагасы, «Ысык-Көл» биосфера аймагынын генералдык дирекциясынын директору, 2010–11-ж. Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, аппарат жетекчиси, КР Президентинин администрация башчысы, 2011-жылдан КР Президентинин аппарат жетекчиси. К. – 2010-ж. 7-апрелде Элдик рев-яны уюштуруучулардын ж-а өлкөнүн парламенттик башкаруу системасына өтүшүн ишке ашыргандардын бири. Ил. ж-а саясат маселелери б-ча 70ке жакын эмгектин автору.