КАПТАГАЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАПТАГАЕВ Эмилбек Саламатович (18. 6. 1957-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Чок- Тал айылы) – мамлекеттик ж-а коомдук-саясий иш­мер.

КРдин 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси. Фи­зика-математика илимдеринин кандидаты. 1980-жылы КМУну бүтүргөн. 1980–91-жылдарда Кыр­гыз ССР ИАнын физика ж-а математика институтунда инженер, кенже илимий кызмат­кер, 1991–93-жылдарда КР Өкмө­түнүн алдында жаштар иш­тери боюнча мамлекеттик комиссия­сында топтун башкы адиси­, жетекчиси, Кыргызстан КП БКнын 2-секретарынын жар­дамчысы, КР мамлекеттик контракт комитетинде бөлүм башчы, Соода ж-а материалдык резерв минис­тринин орун басары, 1993–94-жылдарда КР Өкмөт ап­паратынын бөлүм башчысы, 1994–96-жылдарда КР Пре­мьер-министринин кеңешчиси, 1996–99-жылдарда КР Өкмөтүнүн алдындагы дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы, 1999–2002-жылдарда Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрация башчысы-губернатор­дун 1-орун басары, 2002–04-жылдарда Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким, 2004–10-жылдарда «Улуу Биримдик» улуттук-демократиялык пар­тиясынын төрагасы, «Ысык-Көл» биосфера ай­магынын генералдык дирекциясынын директо­ру, 2010–11-жылдарда Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, ап­парат жетекчиси, КР Президентинин админис­трация башчысы, 2011-жылдан КР Президен­тинин аппарат жетекчиси. Каптагаев – 2010-жылы 7-апрел­де Элдик революцияны уюштуруучулардын ж-а өл­көнүн парламенттик башкаруу системасына өтү­шүн ишке ашыргандардын бири. Илимий ж-а саясат маселелери боюнча 70ке жакын эмгектин автору.