КАПКА КАПЧЫГАЙЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАПКА КАПЧЫГАЙЫ – Талас өрөөнүнүн түн­дүгүндөгү Эчкили-Тоону туурасынан кесип өткөн антецеденттик капчыгай. Кара-Буура ж-а Ма­нас р-ндорунун аймагында. Түш.-чыгыштан түн.- батышты карай жарыш жаткан Чоң Капка (уз. 2–3 км, жазылыгы 200 мге чейин) ж-а Кичи Капка (уз. 0,8–1,0 км, жазылыгы 250 мге че­йин) деген эки капчыгайдан турат. Таманынын деңиз деңг. бийикт. 900–950 м. Рельефи зоока­луу. Капчыгай протерозойдун сланец, кумдук, чопо тектеринен түзүлгөн. Таманы, этектери ж-а капталдары неогендин шагыл, кум, чопо­лорунан турат. Климаты континенттик. Январ­дын орт. темп-расы –8,0°С, июлдуку 21,3°С. Жылдык орт. жаан-чачыны 160–170 мм. Чоң Капка аркылуу Талас суусу агып өтөт. Чоң Кап­ка тосулуп, Кара-Буура суу сактагычы курул­ган. Ал калктын эс алуу жайына айланган.
Кичи Капкадан Бишкек–Талас автомобиль жолу өтөт. Капчыгайдын аймагына жарым чөл ж-а кургак талаа ландшафттары мүнөздүү. Таманы шалбаалуу саздак топурактуу. Шыбак, ак кыл­кан, кара кыяк, чий, эрмен, эфемерлер өсөт. Та­лас суусунун боюнда терек, бадалдуу токой бар.