КАПКА КАПЧЫГАЙЫ
КАПКА КАПЧЫГАЙЫ – Талас өрөөнүнүн түндүгүндөгү Эчкили-Тоону туурасынан кесип өткөн антецеденттик капчыгай. Кара-Буура ж-а Манас райондорунун аймагында. Түштүк-чыгыштан түндүк- батышты карай жарыш жаткан Чоң Капка (узундугу 2–3 км, жазылыгы 200 мге чейин) ж-а Кичи Капка (узундугу 0,8–1,0 км, жазылыгы 250 мге чейин) деген эки капчыгайдан турат. Таманынын деңиз деңгээлинен бийиктиги 900–950 м. Рельефи зоокалуу. Капчыгай протерозойдун сланец, кумдук, чопо тектеринен түзүлгөн. Таманы, этектери ж-а капталдары неогендин шагыл, кум, чополорунан турат. Климаты континенттик. Январдын орточо температурасы –8,0°С, июлдуку 21,3°С. Жылдык орточо жаан-чачыны 160–170 мм. Чоң Капка аркылуу Талас суусу агып өтөт. Чоң Капка тосулуп, Кара-Буура суу сактагычы курулган. Ал калктын эс алуу жайына айланган.
Кичи Капкадан Бишкек–Талас автомобиль жолу өтөт. Капчыгайдын аймагына жарым чөл ж-а кургак талаа ландшафттары мүнөздүү. Таманы шалбаалуу саздак топурактуу. Шыбак, ак кылкан, кара кыяк, чий, эрмен, эфемерлер өсөт. Талас суусунун боюнда терек, бадалдуу токой бар.