КАПИЦА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:00, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАПИ́ЦА Пётр Леонидович [26. 6 (8. 7). 1894, Кронштадт – 8. 4. 1984, Москва] – сов. физик, СССР ИАнын академиги (1939; корр. мүчөсү, 1929), эки жолку Соц. Эмг. Баатыры (1945, 1974).

Эки жолк у СССР мамл. сыйл. лауреаты (1941; 1943). 1957-жылдан СССР ИАнын Президиумунун мүчөсү. Пет­роград политех. ин-тун бү­түрүп (1918), ошол эле жер­де иштеген. К. 1921-ж. Ан­глияда Э. Резерфорддун же­текчилиги м-н ил. из. иш­терин жүргүзгөн. 1924–32-ж.

Кавендиш лабор-сынын ди­ректорунун орун басары, 1930–34-ж. Кембриждеги Монд лабор-сынын ди­ректору, 1955-жылдан СССР ИАда өзү негизде­ген Физ. проблемалар ин-тунун директору. Моск­ва физика-тех. ин-тунун проф. (1947). 1928-ж. бир катар металлдардын электр каршылыкта­рынын күчтүү магнит талаасынын чыңалышы­на (Капица закону) сызыктуу көз карандылы­гын ачкан. 1934-ж. адиабаталык метод м-н ге­лий суюлткучту түзгөн. 1939-ж. газ ж-а суюк абалдагы суутекти көп санда алууга мүмкүндүк берген төмөнкү басым циклинин жардамы м-н абаны суюлтуунун жаңы методун иштеп чык­кан. 1938-ж. суюк гелийдин өтө агуучулугун ачкан. 1950–55-ж. жогорку кубаттуулуктагы ге­нератор иштеп чыгып, газ разрядында плазма

агымынын бар экендигин байкаган. 1955-жыл­дан «Эксперименттик жана теориялык физика» журналынын башкы редактору. Лондон корол­дук коомунун (1929), АКШ улуттук ИАнын (1946), Дания королдук ИАнын (1946), Польша ИАнын (1963) ж. б. чет элдик академиялар м-н ил. коомдордун мүчөсү. Беш Ленин, Эмгек Кы­зыл Туу ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.


Эмг.: Электроника больших мощностей. М., 1962; Жизнь для науки. М., 1965; Теория, эксперимент, практика. М., 1966; Физические задачи, М., 1972. Cоllected papers. Охf., N. Y., 1964–67. V. 1–3.


Ад.: [К 100-летию со дня рождения П. А. Капицы] // Успехи физических наук. 1994. Вып. 12; Боровик- Романов А. С. П. Л. Капица: Воспоминания. Письма. Документы. М., 1994.