КАПИЦА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАПИ́ЦА Пётр Леонидович [26. 6 (8. 7). 1894, Кронштадт – 8. 4. 1984, Москва] – советтик физик, СССР ИАнын академиги (1939; корреспондент-мүчөсү, 1929), эки жолку Социалисттик Эмгектин Баатыры (1945, 1974).

Эки жолку СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1941; 1943). 1957-жылдан СССР ИАнын Президиумунун мүчөсү. Пет­роград политехникалык институтун бү­түрүп (1918), ошол эле жер­де иштеген. Капица 1921-жылы Ан­глияда Э. Резерфорддун же­текчилиги м-н илимий изилдөө иш­терин жүргүзгөн. 1924–32-жылдарда Кавендиш лабораториясынын ди­ректорунун орун басары, 1930–34-жылдарда Кембриждеги Монд лабораториясынын ди­ректору, 1955-жылдан СССР ИАда өзү негизде­ген физикалык проблемалар институтунун директору. Моск­ва физика-техникалык институтунун профессору (1947). 1928-жылы бир катар металлдардын электр каршылыкта­рынын күчтүү магнит талаасынын чыңалышы­на (Капица закону) сызыктуу көз карандылы­гын ачкан. 1934-жылы адиабаталык метод м-н ге­лий суюлткучту түзгөн. 1939-жылы газ ж-а суюк абалдагы суутекти көп санда алууга мүмкүндүк берген төмөнкү басым циклинин жардамы м-н абаны суюлтуунун жаңы методун иштеп чык­кан. 1938-жылы суюк гелийдин өтө агуучулугун ачкан. 1950–55-жылдарда жогорку кубаттуулуктагы ге­нератор иштеп чыгып, газ разрядында плазма агымынын бар экендигин байкаган. 1955-жыл­дан «Эксперименттик жана теориялык физика» журналынын башкы редактору. Лондон корол­дук коомунун (1929), АКШ улуттук ИАнын (1946), Дания королдук ИАнын (1946), Польша ИАнын (1963) ж. б. чет элдик академиялар м-н илимий коомдордун мүчөсү. Беш Ленин, Эмгек Кы­зыл Туу ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.


Эмг.: Электроника больших мощностей. М., 1962; Жизнь для науки. М., 1965; Теория, эксперимент, практика. М., 1966; Физические задачи, М., 1972. Cоllected papers. Охf., N. Y., 1964–67. V. 1–3.


Ад.: [К 100-летию со дня рождения П. А. Капицы] // Успехи физических наук. 1994. Вып. 12; Боровик- Романов А. С. П. Л. Капица: Воспоминания. Письма. Документы. М., 1994.