КАПИТАН
КАПИТА́Н (лат. capitaneus, caput – аскер начальниги) – армиядагы офицердик курамдагы аскердик наам. К. наамы алгач Францияда ж-а Россияда (16-к.) пайда болгон. 1935-жылдан Сов. Куралдуу Күчтөрдүн кургактагы аскерлеринде, Аскер аба күчтөрү ж-а Аскер деңиз күчтөрүндө 1-, 2-, 3-рангалардагы К. ж-а капитанлейтенант деген аскер наамдары белгиленген. КРдин Куралдуу күчтөрүндө да К. наамы бар.