КАПИТАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАПИТА́Н (латынча capitaneus, caput – аскер на­чальниги) – армиядагы офицердик курамдагы аскердик наам. Капитан наамы алгач Францияда жана Россияда (XVI кылым) пайда болгон. 1935-жылдан Советтик Куралдуу Күчтөрдүн кургактагы аскерле­ринде, Аскер аба күчтөрү жана Аскер деңиз күч­төрүндө 1-, 2-, 3-рангалардагы капитан жана капитан-­лейтенант деген аскер наамдары белгилен­ген. Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүндө да капитан наамы бар.